Алмаз Оңолбеков бажы кызматынын башчысы кызматынан бошотулду

Алмаз Оңолбеков бажы кызматынын башчысы кызматынан бошотулду

Алмаз Оңолбеков бажы кызматынын башчысы кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Ал бул кызматка 2018-жылдын 14-майында дайындалган болчу. Маалыматка караганда, Оңолбеков Алмаз Мадылбекович кызматтан кетүү арызын өзү жазган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын арызын кабыл алды.